Текебаев Сариевди Берлинге чакырды

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев соцтармактагы баракчасына Темир Сариевди Берлинге чакырганын билдирди.

«Темир Сариев менин чакыруум менен Германияга келди. Берлинде бир нече жолугушууларды өткөрдүк. Бүгүн Гамбургга бара жатабыз. Ал жерде Соода-өнөр жай палатасында бизнесмендер менен сүйлөшүүлөр болот. Күздө герман-кыргыз ишкерлер форумун Гамбургда өткөрсөк деген планыбыз бар. Жакшы жыйынтыктар болот деп турабыз», — деп жазды элчи.

Темир Сариев өткөн жылдын декабрь айында Соода-ѳнѳр жай палатасынын президенти болуп шайланган.