Текебаевдин мандаты буга чейин УКМК издөөгө алган аткаминерге тийди

Өмүрбек Текебаевден алынган мандат Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун мурунку жетекчиси Шералы Абдылдаевге берилди.

Белгилей кетсек, 2017-жылы Шералы Абдылдаев коррупция фактысы боюнча ачылган иште суракка жана соттук отурумдарга келбей жатканына байланыштуу УКМК тарабынан издөөгө алынган. Ал бул иште Өмүрбек Текебаев жана экс-министр Дүйшөнкул Чотонов менен бирге өтүп жаткан. Кийин ал ден соолугуна байланыштуу операция жасатуу үчүн Түркияга кеткени маалым болуп, тергөө убактылуу токтотулган.

Учурда Шералы Абдылдаевдин соттуулугу жок болгондуктан, депутат боло алат. Бирок андан айыптоолор алынып салына элек, Абдылдаев үй камагында.

БШК мүчөсү Гүлнара Журабаева ага мандаттын берилишине каршы экенин билдирди. «Шералы Абдылдаев деле дал ошол Текебаев өтүп жаткан берене менен айыпталуучу катары өткөндүктөн кызыктай жагдай жаралды. Текебаевден алган мандатты Абдылдаевге берип койдук», — деди ал.

Бирок БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов Абдылдаев соттолбогонун айтып, мандат бербей коюуга негиз жок экенин билдирди.

Буга чейин Жогорку Сот Бишкек шаардык сотунун Өмүрбек Текебаевдин мандатын алуу чечимин күчүндө калтырган. БШК бул токтомду аткарды.