Темирлан Султанбеков: «Биздин юристтер 2 партияны шайлоодон четтетүүгө аракет кылышат»

«Социал-демократтар» партиясы добуштарды акчага сатып алган партиялардын жарыштан четтетилишин талап кылуусун улантат. Бул тууралуу партиянын төрагасы Темирлан Султанбеков соцтармактагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, Бишкектен башка шаарларда социал-демократтар үчүн жыйынтык жаман болгон жок.

«Өлкөнүн 5 шаарында «Социал-демократтар» партиясы босого чектен өттү. Жакын арада ал шаарларда фракция лидерлери тандалат. Биз инвестиция тартуу иштерине жардамдашып, шаардык кеңештерде иштөө менен шаарды кантип өзгөртсө болорун иш жүзүндө көрсөтөбүз. Дагы 562 партия мүчөсү айылдык кеңештерге өттү».

Ал эми борбор калаада шаардык кеңешке өтүү үчүн социал-демократтарга 2 миң добуш жетпей калганын айтып, буга шайлоодо добуш сатып алуулар таасир эткенин билдирди.

«Мындай жыйынтыкка ишенбей жатканыбыздын 3 себеби бар:

1) 6 ай мурун биздин партия эч кандай үгүт иштери жок эле Бишкек шаарында 19 миңден ашык добуш алып, «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Республика» менен бирге эле 7% босогодон өткөн. Социологиялык агенттиктердин маалыматтары боюнча партиянын рейтинги көтөрүлүү үстүндө.

2) Биздин партия үгүттөө иштеринде алдыда болду — коомдун бардык тармактары камтылды. Бишкекте 300дөн ашуун жолугушууларды өткөрдүк жана жолугушууларына 1000ден 4000ге чейинки адам катышкан жападан жалгыз партия болду.

3) Шайлоочулардын добушун массалык түрдө сатып алуу шайлоонун жыйынтыгын бурмалады: бир ай ичинде ондогон мыйзам бузуулар болгону эч кимге жашыруун эмес, бирок ал партияларды шайлоодон четтетүү боюнча  эч кандай чара көрүлгөн жок. «Эмгек» менен «Ак-Бата» шайлоого чейин 2 катуу эскертүү алган, эгер алардын кечээки  кылганын эске алсак, анда аларга бүгүн 3-эскертүү берип, шайлоодон четтетиш керек. Биздин юристтер мунун үстүндө аракет кылып жатышат».

Ошондой эле Темирлан Султанбеков «Социал-демократтар» шайлоону кайра өткөрүүнү талап кылбай турганын билдирди.

«Шайлоону кайра өткөрүүнү талап кылуу эч нерсе бербейт, анткени биринчиден, бюджетте кайра шайлоо өткөрүүгө каражат жок, экинчиден, кайра эле добуш сатып алуу аракеттери болот. Ошондуктан, добуш алуунун мындай ыкмасын колдонгон партияны жарыштан четтетүү менен добуш сатып алууга биротоло чекит коюу керек».