Теңгиз Бөлтүрүк «Кумтөр» компаниясын жетектөөдөн эмне үчүн четтетилди жана анын ордуна ким келди?

«Кумтөр» толугу менен Кыргызстандын менчигине өткөндүгүнө байланыштуу, ушул жылдын май айында Эсептөө палатасы тарабынан тийиштүү текшерүү жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Жыйынтыгында финансылык мыйзам бузуулар, атап айтканда, күйүүчү-майлоочу май, тамак-аш продуктулары, тетиктер базар баасынан жогорку баада сатып алынгандыгы аныкталган. Буга байланыштуу, «Кумтөр» компаниясын буга дейре жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматтарынан четтетилди.

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомуна жаңы жетекчилер дайындалды. Бөлтүрүктүн ордуна Алмаз Барыктабасов дайындалды. Теңгиз Бөлтүрүк «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калтырылды.

«Башкы прокуратура жалпы көзөмөл иретинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Эсептөө палатасынын кызматкерлерин тартуу менен текшерүү иштерин баштады. Аталган текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча коомчулукка так маалымат берилет. Бүгүнкү күндө кенде алтын казуу иштеринде эч кандай көйгөйлөр жок. Жылдык план толугу менен аткарылат. Быйыл 17, 5 тонна алтын казылып алынат», — деп айтылат маалыматта.