ТИМ Жанар Акаевдин билдирүүсүнөн кийин Казакстандын полициясына нота жөнөтүлгөнүн билдирди

Кечээ, 14-февралда Жогорку Кеңеште депутат Жанар Акаев кыргызстандык соодагерлер өткөн жылдын июнь айында баңгизат сактаган деген шек менен кармалган ишкер Эрмек Маркабаевге каршы жалган көрсөтмө берүүгө аргасыз болуп жатканын билдирген. Бул боюнча ТИМ үн катты.

«Ишкер — Кыргыз жарандарынын алардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого көмөк көрсөтүү жөнүндө келип түшкөн жамааттык арызына Алматы шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу тарабынан тийиштүү чара көрүлүүдө.

Башкы консулдук Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин Алматы шаарындагы өкүлчүлүгүнө жана Алматы облусунун Карасай райондук полиция бөлүмүнө тиешелүү кайрылуу (нота) жөнөттү. Жакынкы күндөрү “Алтын Ордо” соода комплексинин жетекчилиги менен жолугушуу пландаштырылууда.

Учурда казакстан тарап, бул жагдайды жөнгө салуу боюнча Башкы консулдуктун кайрылуусун карап жатат. Арыз ээлерине ар тараптуу консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүп, Казакстандын колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында жаралган маселени чечүү үчүн жактоочу алуу боюнча сунуштар берилди. Бул маселе министрликтин жана Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемесинин көзөмөлүндө турат», — дешти.