Токаевден кийин Мирзийоев Жапаровду Кумтөр боюнча сүйлөшүү ийгиликтүү аяктаганы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-апрелде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Анда коңшу өлкөнүн башчысы Жапаровду Кумтөр алтын кенинин макамы боюнча «Центерра» компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү аякташы жана тийиштүү келишимге кол коюлушу менен куттуктады.

Садыр Жапаров Шавкат Мирзийоевдин Кыргызстанга пландалган иш сапары эки мамлекеттин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого өбөлгө болоруна ишенимин билдирди. Президент Садыр Жапаров 26-27-майда Бишкек шаарында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жана Евразиялык экономикалык форумдун жыйынына Өзбекстандын президенти өзү катышарын күтүп жатканына көңүл бурду.

6-апрелде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкө башчысы Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Кумтөр алтын кенинин макамы боюнча сүйлөшүү ийгиликтүү аяктаганы менен куттуктаган.