Бүгүн, 3-мартта өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп Толкун Камчыбекова дайындалды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
Толкун Камчыбекова буга чейин «Кыргыз алтын» ишканасынын басма сөз катчысы болуп эмгектенген. Ал эми ага чейин өкмөттүн маалымат кызматын Бакыт Рысалиев жетектеп келген эле.