Бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы депутат Жайлообай Нышанов ант берди. Ал «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан мандатын тапшырган Чынберди Төлөновдун ордуна келди.
Жаңы депутат толкунданып кеттиби, айтор, ант берер алдында колун Баш мыйзамга эмес, столго коюп алды. Ага жакын тургандар эскерткен соң, колун Баш мыйзамга койду.
Жайлообай Нышанов 1968-жылдын 1-сентябрында Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Каныш-Кыя айылында туулган. 1995-жылы Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин Экономика факультетин бүтүргөн.