Шакиев: «Кыргызстандагы ишкер аялдарга даңк жана дүңк»

Жогорку Кеңештин жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев аялдардын бардык жерде гендердик теңчиликти айтып, шайлоодо квота сурап, алсыз экенин жүйө келтиргенине нааразы болгон. Парламентте ишкер аялдарды колдоо боюнча мыйзам долбоору каралып жаткан.

Депутат Камила Талиева ишкер аялдар чогулган жерде анын атынан сөз сүйлөп, төрага ишкер аялдарды колдой турганын айтып келгенин, бүгүнкү сөзүнөн кийин «бир аз алдамчы болуп калгандай болуп жатам» деди.

Буга төрага «Кыргызстандагы ишкер аялдарга даңк жана дүңк. Мен колдоп добуш бердим» деди.