Нурланбек Шакиев алты депутат менен Өзбекстанга иш сапары менен кетти

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Өзбекстанга расмий иш сапары менен жөнөп кетти.

Расмий сапардын алкагында Нурланбек Шакиев жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт. Алсак, жолугушууларда эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланары күтүлүүдө.

Делегациянын курамында депутаттар Улан Примов, Азизбек Турсунбаев, Айсаракан Абдибаева, Гүлкан Молдобекова, Эльвира Сурабалдиева, Медербек Алиев бар.