Төрага Нурланбек Шакиев баштаган делегация Түркестан шаарына барды

Кечээ, 9-февралда төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Казакстандын Түркестан шаарындагы Хазрет Султан эл аралык аэропортуна барып конду. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Иш сапардын алкагында Нурланбек Шакиев Борбордук Азия мамлекеттеринин парламенттеринин жетекчилеринин I форумуна катышып, эки тараптуу бир катар жолугушууларды өткөрөт. Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Адахан Мадумаров, Марлен Маматалиев, Ырысбек Атажанов, Чыңгыз Ажибаев, Мейкинбек Абдалиев жана Фарходбек Алимжанов бар.

Жогорку Кеңештин төрагасы Түркестан шаарындагы иш сапарынын алгачкы күнү Борбордук Азия мамлекеттеринин парламент жетекчилери менен бирге аталган шаардагы маданий жайларды көрүп чыкты.