Төрага Нурланбек Шакиев жакында Кореяга барат

Кечээ, 13-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэни кабыл алды. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Жолугушууда саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Шакиев 2021-жылы Корея Республикасынын Улуттук жыйынынын төрагасы Пак Бён Соктун Кыргызстандагы иш сапары учурунда бир катар маанилүү демилгелер талкууланганын белгилеп, өзү да жакынкы аралыкта Кореяга расмий иш сапары менен барарын билдирди. Ал парламенттин ишин санариптештирүү жаатында көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн ыраазычылык айтты.

Элчи Кыргызстан Корея үчүн Борбор Азиядагы маанилүү өнөктөш өлкөлөрдүн бири экенин белгиледи. Ал эки мамлекет ортосунда түз аба каттамын ачуу аракети жакынкы аралыкта ишке ашарына үмүт артарын кошумчалады.