Төрага Нурланбек Шакиев: «Жогорку Кеңештин табияты — уруш-талаш, жаңжал»

«Парламент жөнүндө коомчулукта орундуу да, орунсуз да сын боло берет. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш». Бул тууралуу төрага Нурланбек Шакиев билдирди.

«Бизди сындаган эл өзү шайлаган. Парламентте уруш-талаш, кызуу кандуулук боюнча коомчлукта бир беткей пикир болуп калат. Жогорку Кеңештин табияты уруш-талаш, жаңжал менен. Бизден өнүккөн демократиялуу өлкөлөрдө бири-бири менен урушуп, мушташып… Негизи ошондой болот. Уруш болуш керек. Идея үчүн, мамлекет үчүн талаш болушу керек. Кайсы чакырылыш кандай иштеди эл өзү билет», — деди төрага.