Төрага Нурланбек Шакиев Казакстандын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстандын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Рапил Жошыбаевди кабыл алды. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Төрага Нурланбек Шакиев канатташ жашаган кыргыз-казак мамилеси акыркы жылдары жигердүү өнүгүп жатканын белгилеп: “Дүйнөдө бизден жакын эл жок. Кайгырса да, кубанса  да бирге болгон эгиз элдин ынтымагын мындан ары да арттырып, стратегиялык өнөктөштүгүн өөрчүтүү башкы максатыбыз. Андыктан ар тараптуу алакаларды кеңейтип, калыптанган соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыгыбызды улантышыбыз кажет”, – деди.

Андан тышкары, соода жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатуу, чек арадагы тоскоолдуктарды жоюу жаатындагы маселелерге токтолду. Алсак, эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 2 миллиард долларга жеткирүү максатталган.

Өз кезегинде элчи Рапил Жошыбаев дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн алкагында жасап жаткан иштери тууралуу маалымат берип, энергетика, коммуникация, транспорт жаатында мерчемделген долбоорлор тууралуу кеп кылды. Ошондой эле аймактар аралык байланышты бекемдөө багытында да тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатканын айткан элчи эки өлкөнүн жергиликтүү жетекчилери ортосунда форум өткөрүү планы бар экенин билдирип, баарлашууда айтылган сунуштардын бардыгын эске аларын кошумчалады.

Мындан сырткары жолугушууда Казакстандын парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев расмий иш сапары менен Кыргызстанга келээри айтылды.