Төрага Нурланбек Шакиев Корея Республикасынын Улуттук ассамблеясынын төрагасы менен жолугушту

Бүгүн, 23-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Сеул шаарында Корея Республикасынын Улуттук ассамблеясынын төрагасы Ким Чжин Пхё менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Нурланбек Шакиев: “Корея Республикасы эң өнүккөн экономикасы, заманбап өндүрүшү менен дүйнөгө белгилүү. Андыктан биз сиздердин өлкөнү өнүктүрүүдөгү тажрыйбаңыздарга жана улуттук баалуулуктарга негизделген реформаларыңыздарга кызыкдарбыз”, – деди. Муну менен катар Түштүк Корея Кыргызстандагы демократиялык жаңыланууларга, анын ичинен шайлоо өнөктүктөрүнүн ийгиликтүү өтүшүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүп келе жаткандыгын баса белгилеп, Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги аркылуу ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу сөз кылды.

Андан тышкары жолугушууда соода жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатуу жана эки өлкө ортосундагы үзгүлтүксүз аба каттамдарын ачуу маселелери талкууланды. Ошону менен бирге Жогорку Кеңештин төрагасы кыргыз жарандарына виза берүү процессин жеңилдетүүгө өзгөчө көңүл буруп: “Виза берүү шарттарынын жеңилдеши эки өлкө ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп, мындан аркы байланыштарды жаңы деңгээлге көтөрөрү анык”, – деди.

Өз кезегинде Улуттук ассамблеянын төрагасы Ким Чжин Пхё кыргыз-корей тили Алтай тектүү экенин мисал кылып, эки элди байыркы тарыхый байланыштар жакындатып турарын кошумчалады. Муну менен катар Кыргызстан Кореянын Борбор Азия чөлкөмүндөгү негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, ар тараптуу алакаларды арттыруу менен калыптанган кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине токтолду. Ошондой эле жолугушууда айтылган бардык сунуш-пикир маанилүү экенин, анын ичинен виза берүү процессин жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган демилге тиешелүү мекемелер менен бирге караларын билдирди.