Нурланбек Шакиев Мажарстанда Саякбай Каралаевдин айкелине гүл койду (сүрөт)

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Мажарстан мамлекетиндеги расмий иш сапарынын алкагында Лакителек аймагындагы фольклордук борборго барып, залкар манасчы Саякбай Каралаевдин айкелине гүл койду. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Фольклордук борбор Мажарстандын Улуттук ассамблеясынын төрагасынын орун басары Шандор Лежак тарабынан негизделген. Анда мажар элинин маданиятын, руханий баалуулуктарын камтыган иш-чаралар өтүп, байыркы доор менен азыркы учурду айкалыштырган көргөзмөлөр орун алган. Андыктан аталган маданий жайга кыргыздын улуу манасчысы Саякбай Каралаевдин айкелин орнотуу демилгеси көтөрүлүп, былтыр август айында ачылышы өткөн.

Төрага Нурланбек Шакиев демилгени колдогон борбордун жетекчиси, Мажарстандын Улуттук ассамблеясынын төрагасынын орун басары Шандор Лежакка ыраазычылык билдирип: «Фольклордук борбордо залкар манасчынын айкелинин орун алышы, боордош эки мамлекеттин маданий байланышын арттырууга эле өбөлгө түзбөстөн, Мажарстан элинин кыргыз маданияты менен таанышуусуна да көмөкчү болот», — деди.