Төрага Нурланбек Шакиев: «Өлкөдө сөз эркиндиги бар»

«Сөз эркиндигине карата куугунтук же кысым дегенге кошулбайм». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев акыркы окуялар боюнча пикирин билдирип жатып айтты.

«Бардык нерсенин чеги болот. Эң биринчи жоопкерчилик болушу керек. Мунун баары сырттан каржыланган уюмдардын Кыргызстандын бүгүнкү туруктуулугуна, өсүп жаткан экономикага терс таасирин тийгизбей койбойт. Журналистикага жамынган, өзүлөрүн журналист катары эсептеген блогерлердин ээнбаштыгынан өлкөдө ар кандай пикирлер бар. Өлкөдө сөз эркиндиги бар, каалаганын айта алат, дей алат. Менин дарегиме канчалаган сын айтылып жатат. Мурдагы журналист катары бирөөнү да сотко берген жокмун. Мен сөз эркиндигин коргойм, бирок жоопкерсиздик мамиле жазаланышы керек», — деди ал.