Төрага Нурланбек Шакиевдин Орусияга иш сапары башталды

Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Орусияга иш сапары башталды. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Иш сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев Санкт-Петербург шаарында өтө турган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын кезектеги жыйындарына катышат. Андан тышкары, ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Спикерди Жогорку Кеңештин депутаттары Винера Раимбачаева, Искендер Матраимов, Кундузбек Сулайманов жана Арсланбек Малиев коштоп барды.