Төрага Нурланбек Шакиев тармактык комитеттердин башчылары менен жыйын өткөрдү

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев тармактык комитеттердин төрагалары менен жыйын өткөрдү. Жыйынга президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов да катышты.
Мыйзамдарды кабыл алууда комитеттердин ролу жогору экенин белгилеген Нурланбек Шакиев: “Алгач алардын ишин жакшыртуу менен жалпы парламенттин аброюн арттыра алабыз. Себеби, бардык маселе биринчи тармактык комитеттерде талкууланып, андан кийин жалпы жыйында каралат. Андыктан, ар бир мыйзам долбоору комитеттерде терең изилденип, коомго тийгизген таасири так аныкталгандан кийин гана жалпы кароого чыгарылышы керек”, – деди.
Муну менен катар жыйында комитеттердин төрагалары каралып жаткан маселелер жана пландар боюнча учкай маалымат беришти. Алсак, Конституциялык мыйзамдар боюнча комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова жакынкы аралыкта Акыйкатчынын отчету караларын айтса, Эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагасы Улан Примов мамлекеттер аралык айрым макулдашууларды ратификациялоо маселесине токтолду.