Төрага Нурланбек Шакиевдин Австриядагы расмий сапары башталды

Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Австрия Республикасындагы расмий сапары башталды. Алгач төрага баштаган делегацияны Вена шаарындагы Парламент сарайында Австриянын Улуттук Кеңешинин төрагасы Вольфганг Соботка тосуп алды.
Андан соң Жогорку Кеңештин төрагасы парламенттин ишмердүүлүгү менен таанышып, Ардактуу коноктор китебине каалоо тилегин жазып калтырды. Алсак, делегациянын курамында депутаттар Эльдар Абакиров, Ырысбек Атажанов, Гуля Кожокулова, Миргүл Темирбаева жана парламенттин Аппаратынын жетекчиси Алайбек Алымбаев бар.
Вена шаарындагы тарыхый жайлардын бири саналган Парламент сарайы 1874-1883-жылдар аралыгында курулган. 1918-жылдан бери Австриянын Улуттук жана Федералдык Кеңештери жайгашкан. Жалпы аянты 13500 чарчы метрди түзөт.