Төрага Нурланбек Шакиевдин Жалал-Абад облусундагы иш сапары Аксы районунда уланды

Кечээ, 29-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Жалал-Абад облусундагы иш сапары Аксы районунда уланып, алгач Назаралиев айыл аймагынын Кум айылында жайгашкан Жел-Тийбес-1 насостук станциясынын абалы менен таанышты. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

1978-жылы ишке берилген бул насостук станция Үч-Коргон айыл өкмөтүндөгү 1139 гектар жерди суу менен камсыздайт. Былтыр насостук станцияны оңдоо үчүн 23 миллион сом бөлүнүп, төрт жаңы насос коюлган. Быйыл дагы кошумча 8 миллион сом каралууда.

Катардагы сугатчылар жана электрик адистер менен жолугушууда айлык маянанын аздыгы негизги көйгөй катары көтөрүлдү. Нурланбек Шакиев коюлган талап орундуу экенин айтып: “Кыргызстан агрардык өлкө болгондуктан, айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн алгач ирригация маселесине көңүл буруп, сугат суу менен камсыздоо ишиндеги көйгөйлөрдү чечишибиз керек. Анын ичинен каналдарды куруп, насостук станцияларды жаңылап, андагы иштеген кызматкерлерди татыктуу айлык маяна менен камсыздообуз кажет”, – деди.

Төрага Нарын айылында жайгашкан Кызыл-Жар айылдык ооруканасынан кабар алды. 1988-жылы ишке берилген медициналык мекеме андан бери толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эмес. Жакында эле имаратын жаңылоого 5 миллион сом каралып, бирок ал дагы жетишсиз экени айтылды. Ага ылайык, Нурланбек Шакиев Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлүнө керектүү каражатты толугу менен бөлүп, оңдоп-түзөө жумуштарын быйыл бүткөрүү тапшырмасын берди.

Алсак, 28 миңден ашуун калкты тейлеген оорукананын былтыр жылуулук системасы оңдолуп, айрым медициналык жабдуулары жаңыртылган. Бирок  дарыгерлердин жетишсиздиги курч экени белгиленди. Жогорку Кеңештин төрагасы мекеменин жамааты менен баарлашып: “Мамлекет медицина кызматкерлеринин ишин колдоп, айлык маянасын көтөрүүнү дагы да улантат”, – деди.