Төрага Нурланбек Шакиевге КМШ ПААнын 30 жылдык маарекелик медалы ыйгарылды

Кечээ, 16-ноябрда Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) Кеңешинин жыйыны өттү.

Иш-чарада КМШ ПААнын Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко шериктештикке мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык байланышын чыңдоодо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ролу чоң экенин белгиледи. Ошондой эле Ассамблеянын өнүгүшүнө жана парламенттер аралык байланышты арттырууга кошкон өзгөчө салымы үчүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге “КМШ ПААнын 30 жылдыгы” маарекелик медалын ыйгарды.