Төрага Шакиев: «Депутаттар оюн эркин айтып, каалаган маселесин көтөрө алат»

«Депутаттар элдин өкүлү. Андыктан парламенттеги эл өкүлдөрүнө эч кандай тоскоолдуктар жана чектөөлөр жок». Бул тууралуу төрага Нурланбек Шакиев билдирди.

«Депутаттар оюн эркин айтып, каалаган маселесин көтөрө алат. Бизди эл ошол үчүн шайлаган. Буга чейин да, мындан кийин да эл өкүлдөрүнө чектөө болбойт. Бирок мыйзам баарына бирдей. Эч ким мандатына, макамына карап, өзгөчөлөнбөш керек»,- деди ал.