Туу менен гербди ич кийим менен байпакка түшүрүүгө тыюу салуу сунушталды

Туу менен гербди ич кийим менен байпакка түшүрүүгө тыюу салуу сунушталды. Мыйзам долбоордун демилгечиси — депутат Мейкинбек Абдалиев.

Мыйзам долбоорунун максаты болуп — мамлекеттик символдорго жарандардын урматтоо менен мамилесин калыптандыруу жана мыйзамда белгиленген тартипте туура колдонуу.

«Кыргыз жарандары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн адамдар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорун урматтоого милдеттүү. Мамлекеттик тууну, мамлекеттик гербди жана мамлекеттик гимнди маскаралагандык үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдоруна терең сый көрсөтүү — Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын патриоттук парзы” деп көрсөтүлгөн. Бирок мыйзамдын бул ченемдери дайыма эле сакталбайт. Соңку мезгилде мамлекеттик символдордун (туу жана герб) сүрөттөрү кийим-кечелерге, айрыкча ич кийимдерге жана байпактарга түшүрүлгөн учурлары бар. Бул мамлекеттик символдордун баркын төмөндөтөт. Ар кандай кийим-кечелерге же кийимдердин бөлүктөрүнө мамлекеттик символдордун сүрөттөрүн түшүрүү жарандардын урматтоо мамилесин көрсөтпөйт.

Ошондой эле, мамлекеттик символдор жеке адамдардын жана уюмдардын визиткаларына, социалдык тармактардагы жеке аккаунттарына, коммерциялык сайттарга коюлуп жатат», — деп айтылат маалыматта.