Тууну өзгөртүүнү Жогорку Кеңештин комитети экинчи жана үчүнчү окууда колдоду

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин жыйынында тууну өзгөртүүнү экинчи жана үчүнчү окууда колдоду. Эми ал Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат.

Комитеттин жыйынына желектин авторлору Бекбосун Жайчыбеков менен Жусуп Матаев да катышты.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев, Улан Примов.