«Тынч иштетесиңерби?» Президент иш сапардан кийин жасалып жаткан иштердин ийне-жибине чейин айтып берерин билдирди

Президент Садыр Жапаров иш сапардан кийин жасалып жаткан иштерди ийне-жибине чейин айтып берерин билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Иш сапардан келгенден кийин атайын маек берейинчи. Өлкө боюнча жасалып жаткан иштерди ийне-жибине чейин айтып берем. Эл-журттун башын айландырып, удургуткандарга жооп болсун. Алагды кылбай, тынч иштетесиңерби, туугандар?» — деп жазды ал.

Ал өзүнүн кайрылуусунда Уинстон Черчиллдин цитатасын колдонду. Кечээ, 18-апрелде Садыр Жапаровдун расмий сапар менен Азербайжанга барары маалым болгон.