Түркия кичи жана ири ГЭСтерди куруу жаатында кызматташууга даяр

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Түркиянын Палаталар жана товардык биржалар бирлигинин президенти Рифат Хисаржыклыоглу жетектеген делегация менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Марипов белгилегендей, кыргыз тарап кыргыз-түрк мамилелерин өнүктүрүүгө өзөчө маани берет, анткени Түркия Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салымын кошууда. «Тилеке каршы, эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын реалдуу мүмкүнчүлүгүнө дал келбейт. Жалпы максатка жетишүү үчүн биздин өлкөлөр, ириде биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруусу керек», — деди ал. Министрлер кабинетинин төрагасы кошумчалагандай, Чолпон-Ата шаарында 8-9-июлда өтүүчү эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын X кеңешмесин өткөрүү алкагында түрк компаниялары жана ишкерлери  Кыргыз-Түрк бизнес-форумунун ишине активдүү катыша алат.

Өз кезегинде Түркиянын Палаталар жана товардык биржалар бирлигинин президенти делегация мүчөлөрү менен тааныштырды, анын катарында айыл чарба, текстилдик жана тамак-аш өнөр жайы, энергетика, туризм, тоо кен өндүрүү жана курулуш тармактарындагы ири компаниялардын жетекчилери бар. Рифат Хисаржыклыоглу билдиргендей, түрк тарап мындан ары карай дагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, тактап айтканда, товар жүгүртүү жана инвестициялар деңгээлин жогорулатууга, ошондой эле өлкөнүн өнүгүүсү үчүн өнөр-жай потенциалын кеңейтүүгө кызыкдар. Мындан тышкары, түрк делегациясы келечекте өлкөдөгү кичи жана ири гидроэлектростанцияларды куруу жаатында кызматташууга даяр экендигин билдирди.