Байланыш операторлорунун, интернет провайдерлердин мамлекеттик органга болгон карызы 40 миллион сомго жетти

Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Баяндамачы Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Талант Калыков белгилегендей, өзгөртүүлөр ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды сотко төлөнүүчү мамлекеттик алымдан бошотууга багытталган. «Учурда байланыш операторлорунун, интернет провайдерлердин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга болгон карызы 40 миллион сомго жетти, аларды чогултуу үчүн биз сотко кайрылып, өндүрүлгөн сумманын 10 пайыз өлчөмүндө мамлекеттик алым төлөшүбүз керек. Ошондон улам аны алып салуу демилгеси сунушталууда”, — деди ал.

Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, баяндамачы 43 компаниянын 48 миллион сом карызы бар экенин маалымдады.

Депутат Шайлообек Атазов алыскы аймактардагы байланыштарды үзгүлтүккө учуратпоо чараларын көрүү жаатында тапшырма берди. «Мисалы, Кара-Суу районунун Папан айыл аймагындагы Кожокелең айылында байланыш операторлору уюлдук байланыш чордонун жалпы пайдаланылуучу электр чубалгыларына кошуп салынгандыктан, электр кубаты өчсө, байланыш да токтоп калат экен. Операторлор ошондой жерлерге электр генераторлорун орнотушу керек», — деди ал.