УКМК Бабановго каршы козголгон бардык кылмыш иштерин токтотту

УКМК саясатчы Өмүрбек Бабановго каршы козголгон бардык кылмыш иштерин токтотту. Бул чечимди коопсуздук комитетинен «Бабановдун иштеринен мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирген фактылар аныкталган жок» деп түшүндүрүштү. Ал өлкөнү колдоо максатында ыктыярдуу түрдө мамлекетке 100 миллион сом төгүп берери айтылды.

Окуяны саясатчынын өзү дагы Сереп Медиа маалымат агенттигине ырастады. «Адилеттүүлүк эртели-кечпи орношу керек болчу», — деп билдирди ал.

Бабановго мурда эки кылмыш иши козголгон. Бирөө Оштогу «Амир-Тимур» кичирайонунда сүйлөгөн сөзү боюнча, экинчиси — бийликти күч менен басып алууга жана массалык башаламандык уюштурууга аракет кылуу фактысы боюнча.

2017-жылы «Республика» партиясынын лидери катары Өмүрбек Бабанов президенттикке талапкерлигин койгон. Талапкерлердин теледебаты учурунда Сооронбай Жээнбеков аны түрмөгө отургузууну убадалаган. Мындан кийин Бабановго кысымдар башталган. Жээнбеков шайлоодон уткандан кийин Бабанов Кыргызстандан чыгып кеткен, кийин саясаттан да кеткенин жар салган. Кийин Жээнбеков президент болуп турган кезде саясатчыга карата 8 кылмыш иши ачылганы кабарланган. Бирок эмне боюнча экени так ачыкталбай келген.