Президент Садыр Жапаров УКМКга бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин арасында билими тууралуу жасалма диплом, күбөлүк жана сертификаттардын болушу жана колдонулушу боюнча масштабдуу текшерүү жүргүзүүнү тапшырды. Бул тууралуу улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.
24-январда башталып, 3 айга созула турган бул иш-чаранын алкагында, бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин өздүк иштери жана билими бар экендиги тууралуу документтери текшерилет. Пландалып жаткан текшерүү райондордун жана облустардын, айыл аймактарынын башчыларын, министрликтердин жана ведомстволордун, алардын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн деңгээлиндеги мамлекеттик органдардын кызматкерлерин жана жетекчилерин, Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн, президенттин аппаратынын кызматкерлерин, жергиликтүү жана шаардык кеңештеринин депутаттарын, Жогорку Кеңештин депутаттарын, ошондой эле укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын кызматкерлерин камтыйт.
Демилгеленген текшерүүнү эске алуу менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билими тууралуу жасалма документтери бар бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди, бардык деңгээлдеги депутаттарды ээлеген кызматын өз алдынча бошотуу маселесин кароого чакырат. Эгерде мамлекеттик кызматка кирүү жана кызматтык тепкичке көтөрүлүү үчүн жасалма документтерди колдонуу боюнча тиешелүү фактылар аныктала турган болсо, колдонуудагы мыйзамдардын чегинде кылмыш-жаза жоопкерчилигине чейин тартуу каралат.