УКМК БШКга Жогорку Кеңештин 2 депутатынын диплому тууралуу маалымат берди

УКМК БШКга Жогорку Кеңештин 2 депутатынын диплому тууралуу маалымат берди. Алар — Фархат Исмаилов («Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы) жана Фарходбек Алимжанов («Альянс» фракциясы). Бул тууралуу БШКдан маалымдашты.

«Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамына ылайык, шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон, шайлоого укугу бар, жогорку кесиптик билими бар Кыргыз жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.

БШК тийиштүү мамлекеттик орган менен биргеликте көрсөтүлгөн материалдарды карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча мыйзамга ылайык чечим кабыл алат.

5-апрелде УКМКдан Жогорку Кеңештин 3 депутаты жасалма диплом колдонгон жана кош жарандыгы бар деп шектелип жатканын маалымдашкан.