«Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын ишине тоскоолдук кылып жатат», — деп билдиришти УКМКдан.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалымат тутумун иштеп чыгууда жана киргизүүдө коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин тергеп жатат. 2020-жылдын декабрь айында башкы прокурор Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына материалдарды Жогорку Соттун төрайымын жоопко тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуш менен кошо жөнөткөн.
«Бирок ушул күнгө чейин Гүлбара Калиева ар кандай шылтоолор менен анын маселесин Тартип комиссиясында кароо процессин кечеңдетип келет. Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, ага карата апелляциялык арыз берилген судьяга жыйналыштын күнү жана орду жөнүндө маалымдалат. Судьянын жүйөөсүз себептер менен келбей калышы анын катышуусу жок арызды кароого тоскоолдук кылбайт», — деп белгилешет УКМКдан.
Ошол эле учурда УКМК бардык жарандар мыйзам алдында бирдей экенин жана жогорудагы процедуралар сот тутумундагы коррупцияны объективдүү иликтөөгө багытталганын эскертти.
Жогорку Соттун басма сөз кызматы жогорудагы билдирүүгө удаа эле жооп кайтарып, Калиева ишти создуктуруп жатат деп айтылгандарды четке какты. Тартип комиссиясынын жыйыны төрайымдын оорусуна байланыштуу, дарыгерлердин маалымкатынын негизинде болбой калганын кабарлашты.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда Жогорку Сотто «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын жарыялаган. Ага төрайым Гүлбара Калиеванын тиешеси бар экенин, эгер тийиштүү кызматтар макулдугун берсе ал камакка алынарын айткан эле.