Улан Үсөйүн Кара-Суудагы абал тууралуу: «Мамлекеттин ичинде мамлекет түзүлүп калган»

«Баштан башта» кыймылынын демилгечиси Улан Үсөйүн учурда Кара-Суу районундагы абалга «мамлекеттин ичинде мамлекет түзүлүп калган» деп баа берди. Мындай пикирин жарандык активист СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берип жатып билдирди.

«Мамлекеттин ичинде мамлекет түзүлүп калган. Буга ошол Алмазбек Атамбаев күнөөлүү, Сооронбай Жээнбеков күнөөлүү. Азыркы бийликтин дагы, ошол эле Садыр Жапаровдун, Камчыбек Ташиевдин да күнөөсү чоң, алар ошондой мүмкүнчүлүктү берип жатышат. Эгер мындай боло турган болсо ууру, коррупционер, бандиттин баары өз айылын менчиктеп, блок-постторду коюп алабы? Бул жакшы көрүнүш эмес да? Мамлекет деген өзүнүн күчүн, таасирин жоготуп атпайбы? Мына канча убакыттан бери районго аким шайлай албай жатышат. Президент дагы, премьер, ошол эле УКМК башчысы Камчыбек Ташиев дагы эч нерсе дей албай жатышат»,- деп суроо салат жарандык активист.

Улан Үсөйүндүн маегин толугу менен шилтеме аркылуу көрө аласыз.