Улан Үсөйүн: «Садыр Жапаровго кайрылдым, атын атабайсыңарбы, үчүнчү күч деген ким?»

Баш калаада ар жекшемби күндөрү коомчулукту, бийликти мыйзамдуулукка, коррупция менен чыныгы күрөш жүргүзүүгө үндөп жөө жүрүштөрдү өткөрүп жаткан жарандык активист Улан Үсөйүн СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берди. Ал өлкө башчылары такай айтып келаткан «үчүнчү күчтөр» тууралуу да кеп козгоду.

«Мен Садыр Жапаровго кайрылдым, далилдебейсиңерби? Колуңарда бийлик турат, УКМК турат. Далилдеп, атын атабайсыңарбы, кимдер өлкөнүн тынчтыгын бузуп жатат? Ким үчүнчү күч? Кайсы НПОлор ошону кылып жатат? Ошол эле Соке, ошол эле АША, бардыгы айтып келген… Далилдешпейби? Үчүнчү күч деген ким?»,- деп суроо салат Улан Үсөйүн. Ошондой эле ал «Азаттык жабылсын» деген чакырыктарды сындап өттү. «Ушул чакырыкты таштап жаткан саясатчылардын эртең күнү кимге түшөт? Дал ошол «Азаттык», «Клооп», «СуперТВ», эркин медиага түшөт»,- дейт ал.

Маекти толугу менен шилтемеден табасыз.