Улан Үсөйүн: «Улан эртең үйлөнөт, балалуу болот. Азыр аны сындап жаткандардын пикири бара-бара өзгөрөт»

«Мен эч бир партияга барбайм. Саясий амбициям жок. Биздин аракет агартуу, түшүндүрүү, жарандык коомду ойготуу».

Мындай пикирин «Баштан башта» кыймылынын демилгечиси, жарандык активист Улан Үсөйүн СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди. «Элге жакшы көрүнөйүн деген максатым болсо башка жолду тандамакмын. Ак калпак күнү деп, кара жорго бийлейбиз деп балким жүрө бермекмин. Бирок мен ойлондум. Жок дедим. Минтип кете берсек болбойт дедим… Элди шайлоолорго эч кандай акчасыз, өз эрки менен келип тандоо жасаганды үйрөтө алсак, ошондо өнүгөбүз. Биздин максат — агартуу, түшүндүрүү»,- дейт ал. Маекте жарандык активист өз дарегине карата такай айтылып келе жаткан сындарга да токтолуп өттү. «Мен фейктериме рахмат айтам, алар мага кызмат кылып жатышат. Элге таанылуу да чоң иш. Азыр сени сындап, жаман көрүп жатышкандардын эртели-кечпи пикири баарыбир өзгөрөт. Анткени акын Жолон Мамытов айтмакчы, чындык кырк жылда болсо дагы жер үстүнө калкып чыгат. Менин күрөшүм — чындык. Кудайдын жана өзүмдүн астымда акмын. Улан эртең үйлөнөт, балалуу болот. Бара-бара «бул гей, ЛГБТ» деген өңдүү сындардын да аягы суюлат»,- деп жылмаят Улан.

Маекти толугу менен шилтемеден табасыз.