Уланбек Далиев президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Эмилбек Абдыкадыров ээлеген кызмат ордунан мындан 2 күн мурда бошотулду. Ал бул кызматка өткөн жылдын ноябрь айында дайындалган болчу.