Мамбетакунов Уланбек Эсенбекович Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Мамбетакунов 2022-жылдын октябрынан бери министр болуп иштеп келген.