Улукбек Кочкоров: «Кыргыздын саясый «элитасы» элдин жашоо деңгээлинин оңолушуна кызыкдар эмес»

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин мурдагы башчысы Улукбек Кочкоров SUPER TV каналына берген маегинде Кыргызстандагы «элита» элдин жашоо деңгээлинин оңолушуна кызыкдар эместигин айтты.

«Мен бир нерсени айтып коюшум керек… Жана айтып өтпөдүмбү, Кыргызстанда бийликке жөнөкөй жарандар келе албай турган, жалаң гана акчалуулар бийликке келе турган система түзүлүп калган деп. Мен дагы бир нерсеге ынандым, элита, тырмакчанын ичиндеги элита элдин жашоо деңгээлинин оңолушуна кызыкдар эмес. Себеби мамлекетте өнүгүү болуп, элибиз токпейил болуп, жашоосу жакшырса анда ошол 2000, 3000, же 10 000 сомго добуш бербей, сатылбай турган болуп калса өтүш ыктымалдыгы жоголот деп элдин курсагы ачка болгондугу буларга туура экен«.

Маектин видеосун толугу менен шилтеме аркылуу көрө аласыз.