Сиздер биздин курамды бекиткен күндөн тарта чек ара маселесине катуу көңүл бурабыз. Бул тууралуу премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин комитеттик жыйында билдирди.
“Чек ара маселеси боюнча катуу көңүл бурабыз. Анткени азыр кошуна өлкөлөр менен өзгөчө Казакстан менен коронавируска байланыштуу чек ара маселеси жаралып жатат. Мына жөнөкөй эле аэропорттон учуу, мигранттарга сыртка чыгуу маселе болууда. Биздин эң негизги максатыбыз — элдин жүгүн жеңилдетүү. Элдин турмушун жакшыртууга кыска мөөнөттүн ичинде бир аз болсо да, салым кошуу”, — деди Марипов.