Улуттук банк «MegaCom» компаниясын сатып алууну көздөбөйт

Бүгүн парламент жыйынында депутаттар “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун талкуулап жатышат. 

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Мирлан Бакиров сунушталган мыйзам долбооруна ылайык Улуттук банк сатып алуучулардын бири катары чыга аларын белгиледи. Депутат Дастан Бекешев MegaComду сатууга болорун, бирок Улуттук банкка бул байланыш операторунун кереги жоктугун, анткени анын башка функциялары бар экенин айтты. Мирлан Бакиров буга чейин MegaComду 19 миллиард сомго саткылары келгенин, бирок андан майнап чыкпаганын эске салды.

Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев Улуттук банк MegaComду сатып алууга каршы экенин айтты. «MegaComду сатып алуу финансылык жөнгө салуучунун максаттарына жана милдеттерине жакындабайт. Бул суроо кайдан келгени мага түшүнүксүз, анткени биз MegaComду сатып албайбыз», — деди ал.