Улуттук банктын төрагасы: «Спекулянттар Орусияга доллар салынган каптарды ташып жатышат»

Валюталык спекулянттар Орусияга накталай доллар салынган мүшөктөрдү алып кетип жатышат. Бул тууралуу 30-июнда Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев билдирди.

Депутат Дастан Бекешев Улуттук банктын жетекчисине банк тармагындагы абалга көңүл бурууну сунуштады. Ошондой эле доллардын көп тартыштыгы акча алмаштыруу жайларында ызы-чуу болуп, бир доллардын расмий курсу 79 сомдон болсо, бюролор валютаны 84-85 сомдон сатып жатканын айтты.

Улуттук банктын башчысы Кыргызстанда доллардын тартыштыгынын себептерин түшүндүрдү. «Долларды бизден валюталык спекулянттар сатып алып, кап менен Орусияга алып чыгып жатышат, анткени бизде накталай валютаны алып чыгууга эч кандай чектөө жок», — деп түшүндүрдү жетекчи.