Улуттук госпиталдын травматология бөлүмү 1-апрелден тарта иштеп баштайт

Президент Садыр Жапаров кечээ, 23-мартта, Улуттук госпиталдын травматология бөлүмүнө пландан тышкары барды. Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаевдин маалыматы боюнча оорукананын аталган бөлүмү 2011-жылдан бери иштебей бош туруп, өтө начар абалга келген. Ушул жылы имаратты оңдоо иштери бүтүп, бейтаптарды кабыл алуу жарым-жартылай башталган.

Мамлекет башчысы 150дөн ашык орунга эсептелген травматологиялык корпустун оңдолгон имаратын көрүп чыкты. Мында бардык заманбап талаптарга жооп берген медициналык жабдуулар бар. Сөөк ириңи, муундар патологиясы, травматолгия жана чоңдордун ортопедиялык бөлүмдөрү ачылат. Ошондой эле операциялык блок жана жандандыруу палаталары бар. Ооруканага барганда Садыр Жапаров Улуттук госпиталдын кызматкерлери менен баарлашып, алардын эмгек акы, медицина кызматкерлерин турак-жай менен камсыздоо боюнча жана чет элдик клиникалар менен кызматташууга байланыштуу суроолоруна жооп берди. Мамлекет башчысы 1-апрелден тарта социалдык кызматкерлердин, анын ичинде дарыгерлердин эмгек акысын жогорулатуу пландалып жатканын эске салды.

Травматология имаратына барган учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги менен имаратты оңдогон компаниялардын биринин ортосунда талаш жараткан жагдайлар бар экени белгилүү болду. Мамлекет башчысынын көзүнчө тараптардын ортосундагы талаш маселелер чечилди. Корпус 1-апрелден тарта толук кандуу иштеп, бейтаптарды кабыл ала баштайт.