Умбриэль Темиралиев Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорлугунан бошотулду

Умбриэль Темиралиев президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору кызматынан бошотулду. Буга анын башка ишке өткөндүгү себеп болгон. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Анын ордуна Талантбек Иманов Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды.