«Терикпеңиз». Вице-спикер Сыдыгалиев менен депутат Мадумаров бир сөздүн айынан айтышты

«Биринчиден, бул жерде алып баруучулар отурган жок, төрагалык кылуучулар. Сиз тактап айтсаңыз» деди Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев депутат Адахан Мадумаровго. 

«Төрагалар деп айттым. Кимиңиздер алып барып жатасыңар?» — деди депутат.

«Алып баруучулар дедиңиз. Сиз да алып баруучу болуп иштегенсиз. Анда ошону унутпаңыз», — деди ал.

«Ушинтип майдаланып кеттиңер«, — деди депутат.

«Башында төрайым деп кайрылдым. Сиз микрофонду күйгүзүп жатасыз. Анан «кимиңер алып барып жатасыңар?» деп сурадым. Жыйынтыгына ким кол коёт? Экөөңөр бөлүп алып барып, жыйынтыгына ким кол коёт?» — деп сурады депутат.

«Мурда Жамиля Кубанычбековна алып барган. Азыркы маселени мен алып барып жатам», — деди вице-спикер.

«Алып барып жатам деп жатасыз. Ал сөзгө терикпеңиз», — деди депутат.

Жогорку Кеңеште “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоору биринчи окууда каралууда.