Владимир Путин Садыр Жапаровду Ардак ордени менен сыйлады

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду Ардак ордени менен сыйлоо тууралуу жарлыкка кол койду.

«Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин чыңдоого, Евразия мейкиндигинде интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн», — деп айтылат жарлыкта.

Путин 12-октябрда Кыргызстанга расмий сапар менен келди, 13-октябрда КМШ мамлекет башчыларынын саммитине катышат.