Ыргал Кадыралиева «Ак Бата» партиясынын тизмесине кайра кошулду

Жогорку Сот Боршайкомдун Ыргал Кадыралиеваны талапкерлердин катарынан чыгаруу тууралуу чечимин жокко чыгарып, «Ак Бата» партиясынын тизмесине кайра кошту. Бул тууралуу журналисттерге анын өкүлү Таалайгүл Токтакунова билдирди. Анын айтымында, Ыргал Кадыралиева эми мандат алышы керек. Ал партиянын тизмесинде 3-орунда турган.

Ыргал Кадыралиеванын жарыштан четтетилишине «Ак-Бата» конушунда массалык спорттук иш-чара өткөрүлүп, бекер тамак-аш таратылгандыгы боюнча ЖМКларда жарыяланган маалыматтар себеп болгон.  «Ак Бата» партиясы эскертүү алып, Ыргал Кадыралиева талапкерлердин катарынан чыгарылган.

«Ак Бата» Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоодо 12,15% добуш менен 2-орунду алды. Мунун негизинде партияга 9 мандат тийиши мүмкүн.