Ысык-Көл менен Түптүн акимдери кызматтан кетүү боюнча арыз жазды

Калыбек Жумадылов

Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов кызматтан кетүү боюнча арыз жазганын жергиликтүү ЖМКлар жазды.

Азырынча буга эмне себеп болгону белгисиз. Президенттик администрация маалымат бере элек.

Ошондой эле, Түп районунун акими Каныбек Адиевдин да кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы маалымдалды.