Ысык-Көлдөгү пансионат ээлери тосмолор алынган соң эс алуучулардын коопсуздугун көтөрүштү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан конок үйлөрүнүн, эс алуу пансионаттарынын ээлери менен жолугушуп, туризм мезгилине даярдыктар, көйгөйлөр жана өлкө башчысынын жарлыктарынын аткарылышы талкууланды.

Жыйында негизинен президенттин “Ысык-Көл облусунун тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” жана “Ысык-Көл экологиясын сактоо боюнча кечириктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыктарын ишке ашыруу максатында сөз болду.

Көл жээгинде 211 ири жана 600 кичи эс алуу жайлары орун алган. Алардын көпчүлүгүндө насостук станция жана тазалоочу курулмалар иштейт. Экология, жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл минитрлиги тарабынан Тамчы айылында жайгашкан 200дөн ашык конок үйлөрүнө саркынды сууну тазалаган жай куруу зарылдыгы белгиленди. Эс алуу жайларынын ээлери жергиликтүү тургундардын пляж аймагына кирүү укугун камсыздоо боюнча өлкө башчысынын жарлыгын аткарууга даярдыгын айтышып, бирок айрым жагдайлар боюнча иш-аракеттерди карап чыгуу маселесин көтөрүштү. Мисалы, эс алуу жайларындагы тосмолор алынган соң андагы эс алуучулардын коопсуздугу, пляждардагы тазалык жана жеке менчик мүлктөрдү сактоо жоопкерчилиги. Туризм тармагында ишкердүүлүк жүргүзгөн жеке ишкерлердин, пансионат жетекчилеринин сунуштарын уккан Министрлер кабинетинин төрагасы аткаруу механизмдерин алар менен биргеликте иштеп чыгууну билдирди.

“Биз сиздердин ишкердүүлүгүңүздөргө тоскоолдук жаратуунун эмес, жакшыртуунун үстүндө иштеп жатабыз. Анткени Кыргызстандын бир гана байлыгы бул туризм тармагы. Бул багытта Ысык-Көл аймагында 2 аэропорт реконструкциялап, күнү-түнү иштетүүгө аракеттер болууда. Бишкек-Балыкчы темир жолунун 24 чакырым аймагы оңдолуп, жүргүнчү ташуучу вагондорду жаңылоо ишке ашып жатат. Эми Балыкчыга жол 1,2 саатка кыскарып, көлгө поезд менен келүүчү эс алуучуларга шарттар түзүлүүдө. Быйыл көл жээгине 10 чакырымдык вело жана жөө адамдар басуу жол курулат. Келечекте көл жээктерин ушундай жолго айлантуу планыбызда бар”, — деди Жапаров.