Ызы-чууга карабай “Референдум тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды

Жогорку Кеңеште “Референдум тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Анда 10-январга белгиленген жалпы элдик добуш берүүдө мамлекеттик башкаруу формасы боюнча суроо берилиши каралган. Добуш берүү учурунда 62 депутат каттоодон өтүп, 5 эл өкүлү каршы болушту. Алар: Өмүрбек Текебаев, Дастан Бекешев, Наталья Никитенко, Рыскелди Момбеков жана Евгения Строкова.

Добуш берүү учурунда ордунан тура калган Текебаев “макул болгондор 50гө жеткен жок, чечим кабыл алынган жок” деди. Вице-спикер Мирлан Бакиров көпчүлүктүн добушу менен мыйзам долбоору кабыл алынганын айтты.

Ошол эле учурда парламенттин имаратынын сыртында референдумга каршы митинг болуп өттү. Алардын айтымында, парламенттин азыркы чакырылышы легитимсиз, ошондуктан бүгүнкү кабыл алынган мыйзам долбоорго добуш берүүгө укугу жок болчу.