«Заказ» менен каралап кетти». Курманкул Зулушев Атазовдун айтканы боюнча комментарий берди

Бүгүн, 16-апрелде Жогорку Кеңештин  Конституциялык мыйзамдар жана Укук тартиби комитеттеринин биргелешкен жыйынына башкы прокурор Курманкул Зулушев келди. Ага депутат Гуля Кожокулова Шайлообек Атазовдун айткандары боюнча комментарий берип коюуну суранды.

Зулушевдин айтымында, Атазов прокуратура 900дөн ашык адамды мыйзамсыз жоопко тартып, 300гө жакынын актаганын айткан. «Ал бул маалыматты кайдан алганын билбейбиз. Биз тактап жатабыз», — деди ал.

«Эмне үчүн өзүнө карата куугунтуктоону мен тараптан көрүп жатканын түшүндүргөн жок. Ага прокуратуранын тиешеси жок. Сот аркылуу чечилип жатат. Кандайдыр бир «заказ» аткаруу максатында каралап кетти окшойт»,- деди ал.

Гуля Кожокулова маселенин моралдык жагы боюнча жооп укпаганын айтты. «Раим Матраимовго байланыштуу чуулуу иштер көп жана алар сизди ошол жерге аралаштырып жатышат», — деди ал.

Зулушевдин айтымында, ал моралдык жактан жооп берүүгө даяр.